Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кеминде 50 жылкы жоголду

16.11.2021 10:49
438
Кеминде 50 жылкы жоголду

Кемин районунун аймагында 50дөн ашык жылкы жоголуп, милиция издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Бул жерде эки кишинин малы тууралуу сөз болуп жатат.


22-октябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Боролдой айылында жайгашкан Коңур жайлоосунда малчы болуп иштеген 47 жаштагы жаран кайрылып, ал кайтарган жылкылардын 17си жоголуп кеткенин айткан.


Ал эми 2-ноябрь күнү Кемин райондук милициясына Бишкек шаарынын 48 жаштагы жашоочусу кайрылып, ошол эле Боролдой айылында жайгашкан Кара-Баткак жайлоосунан 22 баш жылкы жана 15 кулун жоголгонун билдирген.

Милиция эки факт боюнча тең КР Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча кылмыш ишин козгоп, ууруларды издеп жатат. Анын алкагында Нарын облусунун Кочкор районундагы жана Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарларда ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.


"Сотко чейинки өндүрүштө эки учурда тең мал жакшы кайтарылбай, жоголгону бир канча убакыттан кийин билинген", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн