Кеминде аңчылыкка чыккан 49 жаштагы кишини кар көчкү басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөөсүн жок болуп жаткандыгы тууралу маалыматтын негизинде, жерине 15:55де Кемин райондук №5 ӨКБнөн беш куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м³
кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган.
Издөө иштерин жүргүзушуп саат 17:45те көчкүнун астынан 49 жаштагы Б. Р. эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн