22-февралда Чүй облусунун Кемин районунда жоголгон аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты айыл тургундары билдиришти.
"Терек-Суу айылындагы издөө иштери натыйжа бербегендиктен, болжол менен 50 адам Жел-Арык жайлоосун издешти. Алгач анын бут кийимдери табылып, андан кийин аял өзү 26-февралда саат 4: 30да бир жерден табылган. Ал жайлоодон кайтып, тоңуп калыптыр. Сарайга чейин 1 км аралык калган экен. Бирок аял адашып кетип, тумандан жол таба албай калган", - деп айтылат билдирүүдө.
Анын артында 1, 3 жана 6 жаштагы балдары калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн