Кеминде жеңил унаа толугу менен өрттөнүп, аял киши күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
"Кемин районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 114 чакырымында АУДИ 100 S4 жеңил унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун тосмосун сүзүп, унаадан өрт чыккан. Жерине №5 ӨКБнөн 1 бөлүм саат 09:30да чыгып, саат 09:57де жетип, саат 10:03тө өрттү чектөөгө алып, саат 10:05те толук өчүрүштү",- деп айтылат маалыматта.
Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган О.Т. аттуу аял киши денесинен күйүк алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн