Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 19:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кемпир-Абад маселеси себеп болду. Медер Алиев Жогорку Кеңештин комитетинин төрагалыгынан кетти

30.11.2022 13:40
300
Кемпир-Абад маселеси себеп болду. Медер Алиев Жогорку Кеңештин комитетинин төрагалыгынан кетти

Бүгүн, 30-ноябрда парламент жыйынында депутат Медербек Алиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгын тапшырганын айтты.


«Мен өз каалоом менен арызымды бердим. Ар бир нерсенин өзүнүн себеби жана учуру болот. Менин пикиримде, ар бир саясатчы адекваттуу иш алып барышы керек. Шайлоочулардын алдында эмне үчүн тигил же бул кадамдарга барганын түшүндүрүп, айтып бериши керек. Бул чечимди жеке өзүм кабыл алдым, эч ким мени мажбурлаган жок. Буга Кемпир-Абад маселеси себеп болду. Бир жыл ушул комитетти жетектедим. Бир нерсени так айта алам колумду таза кармап, мыйзамдарды бузбай, коррупциядан алыс болдум.


Бизде саясатчылар экиге бөлүнөт. Биринчиси, бийликчил, алар бийликтин туура кылганын, туура эмес кылганын да мактайт. Экинчиси, оппоизициячыл булар бийликтин туура кылганын, туура эмес кылганын дагы сындайт. Мен үчүнчү типтеги саясатчы болгум келет», — деди Алиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн