Сузакта Кемпир-Абад каналына өспүрүм чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-август күнү болжол менен саат 13:00дө чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналына 2006-жылы туулган Д.М. сууга түшүп жатып агып кеткен.
Издөө иштерине ӨКМ тарабынан 32 кызматкер тартылган. Жыйынтык болгон жок.
Бүгүн, 9-августта издөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн