Бүгүн, 31-январда Кербен шаарында унаа оңдоочу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
30-январь күнү Аксы районунун, Кербен шаары, Үметалиев көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайдын жана эки кабаттуу автотетиктерди сатуучу дукөндүн жалпы 480 чарчы метр аянты күйгөн.
Өрттү №70 ӨКБдан эки өрт өчүрүүчү бөлүм саат 09:55 толук өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусу чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн