Кылмышка шектелип кармалган Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев ЖАМКтын жана ИИМдин мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаевдин күйөө баласы болот. Бул тууралуу "Кактус.медиа" күч структураларына таянып жазды.
Чыныбаев шайлоо кампаниясы учурунда шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бирине каражат жактан колдоо көрсөткөн деп айыпталып, кылмыш иши козголуп кызматтан алынды.
Чынасыл Чыныбаевдин жубайы Мелис Турганбаевдин кызы Аида Турганбаева болуп эсептелет. Социалдык тармактарда алардын чогуу түшкөн жүздөгөн сүрөттөрү бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн