Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Кымбаттаталы эле дебей арзандаталы деген да жолдорду издесек

24.04.2021 01:42
1091
Кымбаттаталы эле дебей арзандаталы деген да жолдорду издесек


Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Урматту Энергетика тармагынын кожоюндары!


Бааны кымбаттаталы эле дебей арзандаталы деген да жолдорду издесек.


Менин бир Анарбек Мамытов деген тааныш иним бар. Өзүнчө эле ойлоп табуучу. Идеялары укмуш. Бирин айтайын. Кеминдин этегинен баштап  Кантка чейин созулган бетон канал бар. Андагы суу кышы жайы шуулдап укмуш ылдам аккандыктан ага  эл жакындагандан да коркушат. Ушул бекер агып жаткан бетон канаалга ток бөлүп чыгарган чакан бир нечелеген ГЭСтерди орунотуп Чүй  өрөнүн Бишкек менен кошуп болгону элге жеткендеги баасы  40-50 тыйындык электр энергиясын бөлүп чыгарса болот деген проектисин көтөрүп алып кайда гана барбады. Эч ким укпайт. Анткени Биздин энергетика тармагы линияларга монополист. Чакан ГЭС ойлоп чыгаргандар кандай гениалдуу проектилерди ойлоп чыкса да, элге жеткиргенге келгенде "Линияңарга кошосуңарбы"- дешип мамлекеттик энергетика тармагына барышат. Алар болсо эшигине да жолотпой кууп жиберишет. Себеби жөнөкөй. Чакан ГЭСтер көбөйсө энергетиктер монополистик укугунан ага кошо ичип жеп отурган май талканынан ажырашат. Анан элдин канын соруп, бааны кымбаттаталы деп эле чыга келишет.  Анарбек мырза "Жок дегенде үчтү орнотуп, бир айылды электр жарыгы менен камсыз кылып сынап көрөлүчү"- десе да эч ким укпайт. Башында мен да ага кошулуп бир катар бизнесмендерге кайрылып майнап чыкпагандан кийин демим сууп отуруп калдым. Бир айылды электр жарыгы менен камсыз кылуучу чакан ГЭСти курууга болгону 150 миң доллардын тегерегиндеги каражат кетет. Депутаттыкка койгон бир талапкердин каражатынан да арзан. Бирок ошол каражат жок. Кымбаттаталы, кымбаттаталы деп эле кыйкырбай ушундай проектилерди деле карап көрсөңөр боло. 150-200 миң долларды бир талапкер эле талаага чачып жиберип атат го.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын позициясын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн