Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз балбандарынын күрөшүн түз көрсөтүүгө "КТРК Спорттун" каражаты жетпей жатат

12.09.2022 10:27
619
Кыргыз балбандарынын күрөшүн түз көрсөтүүгө "КТРК Спорттун" каражаты жетпей жатат

Кыргыз балбандарынын күрөшүн түз көрсөтүүгө "КТРК Спорт" телеканалынын каражаты жетпей жатат. Мындай пикирин Шайырбек Арапов социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, кыргыз күрөшчүлөрүнүн беттештерин түз эфирде чагылдыруу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөн эмес.


""КТРК Спорт" контент, лицензия сатып алсын деп мамлекет тарабынан бюджеттен акча каралган эмес. Кандай спорттук иш-чараларды чагылдырып жатсак ошонун баары мүмкүнчүлүккө жараша болууда. КТРК оператор жибериптир, бирок түз эфир чыгарбай жатат деп күнөө койгондор үчүн, КТРК оператор жиберген жок, жиберген күндө да оператор тартып түз эфирге чыгара албайт.Анткени дүйнөлүк күрөш федерациясы UWW өз контентин толугу менен көзөмөлдөп, коргоп турат.Лицензия үчүн акча керек, мурун реклама аркылуу лицензиялар алынып турган, акыркы жылдары андай реклама кирбей калды",- деди Арапов.


Шайырбек Арапов ошондой эле бүгүнкү күндө көрсөтүлүп жаткан турнирлер каналдын бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша болуп жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн