Интернетте кыргыз элин сөгүп көпчүлүккө таанылган Даниел Ажиев 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 28-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты.
Анда айтылгандай, Д.Ажиевге 313-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми тергөө аяктаганга чейин темир тор артында күн кечириши мүмкүн. Эгер күнөөлүү деп табылса 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн