Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 18:53
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

05.10.2022 15:00
508
Кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды


Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев БАЭнын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Ахмед бин Али Аль Сайег менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 4-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинде өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку жана бийик деңгээлдеги пландалган өз ара сапарларды уюштурууну жана Кыргызстан менен БАЭнин Тышкы иштер министрликтери ортосундагы иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

"Жолугушууда Жумабаев кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар, Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, ошондой эле кыргыз тарап өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулуусун баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн