Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-казак чек арасында топтолгон фуралар боюнча ЕЭК комиссиясы келет

24.08.2023 09:29
215
Кыргыз-казак чек арасында топтолгон фуралар боюнча ЕЭК комиссиясы келет


Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалардын топтолуп өтө албай турган кырдаалга байланыштуу ЕЭКтин комиссиясы келет. Бул тууралуу Sputnik агенттиги маалымат булактарына таянып кабарлады.


Бул боюнча тиешелүү сурамды Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) жөнөткөнү белгилүү болду. Евразиялык экономикалык комиссиянын жумушчу тобун аталган түзүмдөгү энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев жетектеп келери айтылды.


Эске салсак, бир нече күндөн бери Кыргызстандан чыгып бара жаткан фуралар чек арадан Казакстанга кире албай турат. Ал бир нече чакырымга созулуп кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн