Бугу 21, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Кыргыз-казак эл өкүлдөрү чек арадагы өткөрмө бекеттеринин иши менен таанышты

13.05.2022 12:07
887
Кыргыз-казак эл өкүлдөрү чек арадагы өткөрмө бекеттеринин иши менен таанышты

Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамбыл облусунун Кордай айылында биргелешкен көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн парламенттик делегациялары “Ак-жол” (Кордай), “Карасу” (Актилек) өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өткөрмө жайларынын жетекчилери отчет беришти.


Андан ары депутаттар Кордай айылында биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Айрыкча, ЕАЭБ алкагында транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү, Кыргыз Республикасынан келген жүктөргө карата Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан контролдук-инспекциялык иш-чаралардын тартибин жөнгө салуу боюнча сөз болот.


Биргелешкен көчмө жыйынга депутат Чингиз Айдарбеков баштаган Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Адахан Мадумаров, Айбек Осмонов, Жылдыз Таалайбек кызы, Улан Бакасов, Нурланбек Азыгалиев, Нилуфар Алимжанова, Ырысбек Атажанов , Шайлообек Атазов жана Нуржигит Кадырбеков катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн