Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Цинмин - маркумдарды эскерүү күнүн белгилөөгө байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 4-апрелде жабык болот.
Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен тарта аталган бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн