Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз-кытай дипмамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу эки өлкөнүн парламент төрагалары бири-бирин куттукташты

01.02.2022 09:08
813
Кыргыз-кытай дипмамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу эки өлкөнүн парламент төрагалары бири-бирин куттукташты

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен Кытай Эл Республикасынын Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жөнөтүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Тагыраагы, Жогорку Кеңештин төрагасынын телеграммасында "Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча бири-бирине колдоо көрсөтүп, ШКУ алкагында өз ара байланышты жана башка эл аралык аянтчаларда ар тараптуу кызматташтыкты бекемдеп келет", - деп айтылат.


Ал эми Кытай парламентинин төрагасы Ли Чжаньшу жолдогон телеграммасында төрага Талант Мамытовду чын дилинен куттуктаарын, жалпы кыргыз элине бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү каалай тургандыгын билдирип: "Эки өлкө кызматташтыктын ар кыл чөйрөсүндө зор натыйжаларга жетишти. Кытай-кыргыз алакасы коңшулаш мамлекеттердин ортосундагы мамилелер үчүн үлгү катары калыптанды", - деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн