Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз медайымдарын Германияда ишке орноштуруу маселеси каралды

24.10.2022 13:46
304
Кыргыз медайымдарын Германияда ишке орноштуруу маселеси каралды



2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев германиялык «Jancer Consult GmbH» компаниясынын директору Сергей Серебрянский менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда Кыргызстандан келген квалификациялуу кадрларды Германияга ишке орноштуруу маселелери талкууланды. Элчи Ө.Ч.Текебаев эки өлкөнүн ортосунда ишке уюшкандык тʏрдɵ орноштуруу боюнча системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну камсыздоо боюнча Элчиликтин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.


Компаниянын директору С.Серебрянский «Jancer Consult GmbH» компаниясынын квалификациялуу кадрларды, атап айтканда, медициналык кызматкерлерди Германияда ишке орноштуруу үчүн тартуу боюнча башка өлкөлөр менен кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал белгилегендей, бул максатта компания жеринде медициналык колледждин студенттерине тийиштүү билим берүү жана окутуу иштерин жүргүзүүдө.


С.Серебранский Бишкектеги «Jancer Education Academy» академиясынын ишмердүүлүгү аркылуу Кыргызстандагы колледждердин бири менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын, анын алкагында медайымдарды Кыргызстанда окутууга жана андан ары аларды Германияда ишке орноштурууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн