Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:16
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргыз нарктары...

01.03.2021 15:58
8830
Кыргыз нарктары...
КЫРГЫЗ НАРКТАРЫ
Нарктарды «элдик протоколдор» деп атаса да болот. Демек ал «элдик протокол» эч качан өзгөрбөйт жана салттар ошол «протоколдор» менен ишке ашырылат. Нарк-ал улутка тишелүү ар бир жарандын билүүсү тийиш болгон ар-намыс, ардактуу парыз жана өз улутунун өзгөчөлүктөрүн, анын бүтүндүгүн, иденттүүлүгүн билгизип, ал эрежелерди билүү жана аны сыйлоо мүнөзүн берет. Наркты билбеген адамды «наркы жок», «нарк билбеген билимсиз наадан» деп айыпташкан элибиз.
Аталардан калган асыл нарктарыбызды эске салалы. Алсак:
- Адамдык ариетти бекем тутуу;
-Улуттук аӊ - сезимди, ар-намысты сактоо;
-Улуттук нарктарды, каадаларды, үрп-адаттарды сактоо;
-Ата Мекенди сүйүү, коргоо жана ага кызмат кылуу;
-Эл-журт алдындагы атуулдук парзын аткаруу;
-Мекендин жашыруун сырларын сактоо жана душманга дилин бербөө;
-Туулуп-өскөн жерин таштап кетпөө;
-Ата-энени сүйүү жана урматтоо;
-Туугандын турпагы алтын деп, аларды урматтоо;
-Баш кийимди кастарлоо;
-Комузду урматтоо;
-Абийир, ар-намысты таза сактоо;
-Нанды улук тутуу;
-Ата-салтты буспоо;
-Эне адебин сактоо;
-Эне тилин коргоо;
-Табиятты коргоо;
-Улуттук кийимдерди кастарлоо;
-Улуттук тамак-аштарды жасай билүү;
-Динин, дилин башкага алмашпоо;
-Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо;
-Ак никени бузбоо;
-Көпчүлүк менен бирге болуу, элден бөлүнбөө;
-Кечиримдүүлүк;
-Меймандостук;
-Башка элдер менен достук мамиледе болуу;
-Арбакты сыйлоо, көзү өткөндөргө куран түшүрүү…, ж.б.
Элибизде дагы бир сөз бар, ал-«нарк-насил» деген ыйык сөз. «Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен гана улутубуз сакталып келет» деп айтабыз. Насил деген эмне? Насил- «түп, тек, түпкү тек» деген маанини билдирет. Андай болсо, «нарк-насил» деп кош сөз түрүндө айтканыбыздын жөнү бар экен. Ал «түпкү нарктарыбыз», «аталардын наркы», «аталардан келаткан нарктар» дегенди эске салат тура.
С.Рысбаев

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Нурислам
Сонун
Нурайым
Нурайым
НУРИЗА
Аябай жакшы жазыпсынар
Жусупбекова Айзада Турусбековна
Мен дагы Кыргыз элинин нарк насилин урп адаттарыннын сакталышына маани берем. Ошондуктан уйдо да кармоону аракет кылам. Анткени биз ошон учун улутбуз мамлекетбиз.