Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-сауд бизнес форумун уюштуруу маселеси талкууланды

17.05.2022 11:06
1169
Кыргыз-сауд бизнес форумун уюштуруу маселеси талкууланды

2022-жылдын 16-майында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү Департаментинин башкы директору Файсал Аламоди менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык спектринин учурдагы абалын, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.


Тараптар пландаштырган эки тараптуу иш-чараларды биргелешип координациялоонун алкагында элчи Марипов менен Аламоди Тышкы иштер министрлик аралык саясий кеңешмелерди, Кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын, кыргыз-сауд бизнес форумун уюштуруунун, түз аба каттамдардын ачылышын, ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына арналган башка иш-чараларды өткөрүү деталдарын талкуулашты.


Жолугушуунун жыйынтыгында Улукбек Марипов жана Файсал Аламоди эки өлкөнүн ортосунда каралып жаткан түрдүү тармактар боюнча келишимдердин жана меморандумдардын долбоорлорун илгерилетүү боюнча биргеликте тыгыз иш алып барууну макулдашышты.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн