Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атышуу токтоду, абал курч бойдон калууда

14.09.2022 13:16
903
Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атышуу токтоду, абал курч бойдон калууда

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Булак-Башы жерлигиндеги кырдаал саат 12:40ка карата чыңалуу бойдон сакталып турат.


КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдиргендей, ок атышуу токтоду.


"КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын К. Төлөнбаев менен Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Х. Пирокзоданын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн