Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын иши кайра жанданат

29.01.2022 16:19
690
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын иши кайра жанданат

Үстүбүздөгү жылдын 29-январында «Кызыл-Бел-авто жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда, аскердик кагылышууну иликтөө жана чыр-чатактын бардык маселелерин чечүүнүн жолдорун табуу зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын атайын кызматтарынын жетекчилеринин эки тараптуу жумушчу жолугушуусу болгонун УКМК билдирет. Жолугушууда К.Ташиев кесиптеши С.Ятимов менен чек ара аймактарындагы пикир келишпестиктерди чечүүнүн жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу УКМУнын басма сөз кызматы билдирди.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын атайын кызматтарынын жетекчилери чек ара чыр-чатактарынын чыгышына шарт түзгөн факторлорду жана шарттарды мындан аркы болтурбоо боюнча кошумча чараларды көрүүнү макулдашты.


Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк комиссияларынын ишин кайра баштоо чечими кабыл алынды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн