26-декабрда саат 11:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.
Түн тынч өтүп чыр-чатак катталган жок.
"Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.
УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат",- деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн