Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча облустук администрация маалымат берди

27.01.2022 22:34
1419
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча облустук администрация маалымат берди


Саат 20:49 КР УКМК ЧК 2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматына ылайык, Көк-Таш айлындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатканын ошондой эле, Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде ТР чек арачылары тарабынан миномет жана гранатомет колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери 3 БМП, 1 БТР 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жаткандыгын билдирген.

Баткен району Ак-Татыр а/а Орто –Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай а/а Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарында жергиликтүү тургундарды жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. 


Лейлек району Кулунду а/а Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды.


Ошол эле Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн кооптуу чек ара аймактарында жашаган элдер коопсуз аймакка эвакуацияланууда. Ал эми, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды.

Коомдук саясий абалдын өзгөрүүсү боюнча кошумча маалымдайбыз.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн