Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-тажик чек арасындагы мал уурулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен күзөт иштери уланууда

28.03.2023 14:36
397
Кыргыз-тажик чек арасындагы мал уурулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен күзөт иштери уланууда

Лейлектин чек ара аймактарында мал уурулукту алдын алуу үчүн кыргыз-тажик күзөттөрү жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Кулунду айыл аймагындагы Сада участкасында жана Максат айылдарында кылмыштуулукту алдын алуу, мал уурулуктарга жол бербөө, ошондой эле коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында Кулуңду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери эки багытка бөлүнүп, чек ара тилкелеринде кыргыз-тажик милициясынын биргелешкен кайгуулдары жүргүзүлүп жатат.


Эки өлкөнүн биргелешкен кайгуулдары жыл башынан бери 4 жолу тажик-кыргыз араздашуусунун алдын алган, ошондой эле кыргыз тарап эки жолу тажик тарапка кирген малын өткөрүп алып, бир жолу тажик тараптын малын аларга өткөрүп беришкен. 


Кулунду айыл аймагынын Сада жана Максат айылдары Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Б.Гафуров району менен чектешет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн