Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргыз-тажик эки тараптуу сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. Алимбаев кандай маселе чечилгенине токтолду

13.04.2022 13:23
1650
Кыргыз-тажик эки тараптуу сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. Алимбаев кандай маселе чечилгенине токтолду

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.


Анын айтымында, бүгүн саат 11ден 12:30га чейин тажик тараптын делегациясы менен жолугушуу өттү.


“Анда түнкү саат үчтөрдө кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча баарлаштык. Ошондой эле Согди облусунун башчысы менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштүк. Мен азыр Жаңы-Жер айылынын тургундары менен жолугушам”, - дейт ал.


Баткендеги өкүлчүлүк учурда кырдаал тынч экенин белгилейт.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Zhazgul Nasirova
Чек араны атайын зым тор менен тосойлу, даже инвесторлор чыгып жатат , булар айта берет кайта берет , Америкага ишенип жатат окшойт , анан да президенти оз бийлигин сактап калыш учун да Ушинтип жатат , президентини кетиребиз деген аракеттер уруш болуп жатат оздорундо.