Бугу 02, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргыз тили жөнүндөгү жаңы мыйзамдын кабыл алынышы боюнча Орусиянын ТИМи үн катты

02.06.2023 12:11
374
Кыргыз тили жөнүндөгү жаңы мыйзамдын кабыл алынышы боюнча Орусиянын ТИМи үн катты


Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Жогорку Кеңеш кабыл алган мамлекеттик тилдин жаңы редакциясы тууралуу пикирин билдирди.


Ал документти алгач 2021-жылы коомдук талкууга чыгарганда кыргыз коомчулугу, анын ичинде орус тилдүү калк тарабынан сынга алынганын белгиледи. Андан соң мыйзамды оңдоп-түзөп иштеп чыгышкан, мисалы, бардык этностордун эне тилин сактоо жана өнүктүрүү кепилдиги камтылган.




"Ошол эле учурда мыйзам долбооруна мамлекеттик тилди билбегени үчүн жарандардын эркиндигин жана укуктарын басмырлоого жол бербөө нормасы кирбей калган. Азыркы мыйзам өлкөнүн кыргыз тилинде сүйлөй албаган жарандары үчүн белгилүү кыйынчылыктарды жаратат. Биз бир нече ирет кыргызстандык кесиптештерибизге мыйзамды кабыл алуу этникалык топтордун, анын ичинде биздин мекендештердин укуктары боюнча оңтойсуз кырдаал жаратарын айтканбыз", — деди Захарова.


Анын айтымында, кыргыз өнөктөштөрү мыйзам долбоору "орус тилин жокко чыгаруу" максатын көздөбөй турганын билдирген.


"Буга байланыштуу Кыргызстандын жетекчилиги союздаш мамилелердин духунда тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган мыйзамда расмий макамы менен Конституцияда бекитилген орус тилин да колдойт жана жайылтат деп ойлойбуз", — деди РФ ТИМинин өкүлү.


Ошондой эле ал орус тили КМШ чөлкөмүндө улуттар аралык сүйлөшүүнүн тили катары кеңири колдонулуп келерин кошумчалаган.


Белгилей кетсек, мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам 31-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган документке президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн