Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имараты күрөөдө турабы? Мындай суроо Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов тарабынан Билим берүү жана илим министрине узатылды.
Фракция жыйынында министр Уланбек Мамбетакунов толук жооп бере алган жок.
Ал эми министрдин орун басары Надира Жусупбекова окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берди.
"Ооба, ушундай маалымат бар. Алмазбек Исманкулов университет үчүн Түштүк Кореядан жабдыктарды алып жатканда кредитке күрөө катары окуу жайдын имаратын койгон.
Бирок биз бул боюнча сот аркылуу университеттин имаратын күрөөдөн чыгарсак болот",- деди Жусупбекова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн