Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:01
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргыз–Кытай чек арасында коронавируска каршы иш-чаралар ѳткѳрѳлүүдѳ

05.02.2020 11:11
666
Кыргыз–Кытай чек арасында коронавируска каршы иш-чаралар ѳткѳрѳлүүдѳ


Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасында коронавируска каршы алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлѳгѳнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл республикасындагы олуттуу эпидемиологиялык абалга байланыштуу “Торугарт” кѳзѳмѳл ѳткѳрүү бекетинде күчѳтүлгѳн режим киргизилген. Чек ара убактылуу жабык. Бирок, Кытайдагы кыргыз жарандарынын ѳлкѳгѳ ѳтүү иштери жүргүзүлүүдѳ.

Облус жетекчиси Эмилбек Алымкуловдун буйругу менен коронавирусту алдын алуу боюнча штаб түзүлүп, ишин улантууда. “Торугарт” кѳзѳмѳл ѳткѳрүү бекетинде 100 кишиге ылайык кабыл алуу бекети иштеп жатат. Анда баардык шарттар ыңгайлаштырылган. Тиешелүү мекеме кызматкелери Кытайдан келген жарандарды атайын текшерүүлѳрдѳн ѳткѳрүшѳт. Ошондой эле, алар 3-4 сутка аралыгында дарыгерлердин кѳзѳмѳлүндѳ болушат.

Эгерде кандайдыр бир оорунун белгилери байкалса дароо чара кѳрүлѳт. Тиешелүү органдар билдиргендей,  кооптонууга эч кандай негиз жок. Анткени баары кѳзѳмѳлдѳ. Жүк ташуучу автоунааларды атайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгѳндѳн кийин гана кое берилет.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн