Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызчек айылынын тургундары 407 миң сом чогултуп, ҮБДгө жардам көрсөттү

13.08.2020 09:40
906
Кыргызчек айылынын тургундары 407 миң сом чогултуп, ҮБДгө жардам көрсөттү

 

Кара-Суунун Кыргызчек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 407406 сомдук медициналык каражаттар тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагында жайгашкан Кыргызчек айылынын жашоочулары мечит имамы Эгемберди ажы Джалалов менен биргеликте дарыгерлерге 407406 сомдук медициналык каражаттарды тапшырган.


Алар 6 кычкылтек концентратору, 2 тепловизор, 11 пульсоксиметр, 15 коргонуучу кийим, бет кап, антисепттик каражаттарды ж.б медициналык жабдыктарды дарыгерлерге өткөрүп беришкен.


Иш-чарага Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Эгемберди ажы Джалалов, айылдык кеңештин депутаттары, айыл башчы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана айыл тургундары катышкан.


Маалыматка таянсак, аталган айылда жайгашкан Каратай уулу Сатыбек атындагы жума окулуучу мечит күндүзгү стацианор катары пайдаланууга берилген. Ал 70 орунга ылайыкталып, бардык шарттар менен камсыздалган. Азыркы учурда мечитте бир айдын ичинде 648 жаран айыгып чыгып, үйлөрүнө кайткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн