Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргыздын бактысына жаралган Кожомкул балбан тууралуу фильм тартылса...

15.02.2024 17:31
2640
Кыргыздын бактысына жаралган Кожомкул балбан тууралуу фильм тартылса...


(Кылым балбаны Кожомкул Каба уулунун туулганына быйыл 136 жыл, дүйнөдөн өткөнүнө келерки жылы 70 жыл болот)


Кыргыз адабиятында элибизден чыккан тарыхый инсандардын өмүр таржымалын тастыктап, анын образын коомдук окуялардын фонунда сүрөттөгөн көркөм чыгармалар же фильмдерди беш манжабыз менен санасак болот. Болсо да алар тээ кеңеш кезиндеги социалисттик күжүрмөн эмгекти, советтик жаркын мүнөздөрдү идеялизациялаган “Уркуя”, “Телегей”, “Атай”, “Даңкка жараша жүк” сыяктуу чыгармалар менен чектелип келгенбиз. К.Маликовдун «Балбай» романы сандыкка катылып, элге кеч жетти. Эгемен кези келген соң, тарыхый инсандарыбыздын таржымалдарын кайра карап чыгып, бир катар чыгармалар, атап айтканда, «Ормон хан», «Шабдан хан» романдары жазылып, “Исхак Раззаков”, «Курманжан датка», “Алыкул” жана «Саякбай» аттуу көркөм фильмдер жаралды. Мына ушундай жакшылыктын желаргы көрүнүштөрү улуттук көркөм өнөрүбүздүн кайра жаралуу кел-келинин да келатканын туюнтпай койбосо керек. Андай болсо, алдыбызда көп жаңылыктар болорунан үмүтөтсөк болчудай.

Ошондой ойлордун арасында элибизден чыккан улуу алп Кожомкул атабыздын да элеси жарк эте элестей калат. Анткени ал алпыбыздын элеси эл ичинен алиге өчө элек, алиге тирүү жүргөндөй. Андай дегеним, Ч.Айтматов “Сени билген адамдар барында – сен тирүүсүң” деп айтмакчы, аны көргөн адамдар алиге арабызда бар. Бул бир сөз. Ажап болуп, ал тууралуу көркөм полотно жарата турган болсок, материал да жок эмес. Балбан тууралуу жазылган белгилүү кинорежиссёр, “кыргыз кереметинин” жаратуучусу Б.Шамшиев жазып кеткен даяр сценарий бар. Анан да Кожомкул балбан тууралуу жазуучу Ш.Эсенкуловдун «Кожомкул» романы 2012-жылы элге тартууланган. 

Мына ушу Ш.Эсенкуловдун колубузда турган “Кожомкул” романында ХХ кылымдагы белгилүү кыргыз алпынын өмүр таржымалы, адамдык ажары, бала кезинен берки балбандык өнөрү, пенделик тагдыры, өзү жашап жаткан доордогу коомдук оош-кыйыштарга жараша баяндалып, 20-50-жылдардын ичиндеги кыргыз айылынын саясый-социалдык турпатын, балбандын пенделик психологиясын көркөм сөздүн кудурети менен чебер баян кылынган. 

Роман Кожомкул балбандын ысмы менен аталса да, баамчыл окурман ал карандай документтүү чыгарма эмес. Романда Кожомкул кара күчтүн ээси гана болбостон, ички дүйнөсү бай, кичинекей нерсеге кубанып, кичинекей нерсеге кайгырган гумандуу, кичипейил, мээримдүү, жашык, чындыкты так айткан калыс, балбандыгына мактанбаган карапайым, боорукер, адамгерчиликтүү, жөпжөнөкөй жан катары жана да кара күчтүн ээси, калбааттыгы тоодой бир керемет адам катары сыпатталганына суктанбай коё албайсың. Ошондой мүнөзү менен Кожомкулдун кадыр-баркы балбандыгынан да артып турат. Ал кадыресе катарлаштарындай жашаган, кадимкидей эле тамактанган бир пакиза адам. Эл-жерине ак кызмат кылгысы келген намыскөй патриот, чындыкты аттап өтө албаган асыл сапаты кылдат, ишенимдүү сүрөттөлгөн. Алтургай, анын адамдык өмүрүндөгү «Аттиң, Манас атабыздын тушунда туулганымда бир чоросу болуп берер белем..» деген улуу арманы менен жашап өткөнүн карабайсыңбы!


Сөз башында эскертилгендей, романда жалгыз эле Кожомкулдун тагдыр-таржымалы тизмектелбейт, өткөн кылымдын 20-жылдардан кийинки кыргыз айылындагы социалдык өзгөрүүлөр, кеңеш бийлигинин орношу, өзгөргөн жашоо кырдаалдары, саясый күрөштөр, “эскинин” өкүлдөрү, Кетмен-Төбө, Суусамыр, Жумгал өрөөнүнө белгилүү инсандар Керимбай, Көкүмбай, Түркмөн жана Мырзабек болуштар, алгачкы советтик кыргыз айыл активдеринин өсүп чыгышы, маданий курулуштардын, мамлекеттүүлүгүбүздүн ар тараптан түптөлүшү, ага түз жана кыйыр таасир этишкен бир катар тарыхый инсандардын реалдуу пенделик тагдырлары, көркөм бейнелери элестүү чагылдырылган. 

ХХ кылымда улуу Жараткан кыргызга белек кылып берген, өткөн алптардын үлгүсүн көзүбүзгө көргөзгөн, ааламда сейрек кайталануучу алп да, асылзаада да инсан Кожомкул Каба уулунун туулган жылына быйылкы 2024-жылы 130 жыл болот. Ал 1888-жылы Суусамыр өрөөнүнүн Жоожүрөк айылында туулуп, 1955-жылдын 23-октябрында каза болгон. Демек, кылым балбаны Кожомкул Каба уулунун туулганына быйыл 136 жыл, дүйнөдөн өткөнүнө келерки жылы 70 жыл болот.


Кожомкул толуп турган кезинде боюнун узундугу 2,36 см, салмагы 170 кг болуп, колунун манжаларынын узундугу 28 см, бармагы кичинекей баланын таманындай, бутуна 52 өлчөмдөгү өтүк кийгендиги, көтөргөн ташы 635 кг болгондугу – бүгүнкү күндөгү жандуу уламыш! Ал күчү жагынан балбандык атак-даңкы таш жарган Иван Максимович Поддубный, Александр Иванович Засе, Гиорг Геккеншмид, Иван Завкин, Хаджимукан Муңайтпасовдордон деги эле кем болгон эмес.


Мына ушул алп адам жөнүндөгү романдын үстүндө Шарыпкул Эсенгулов он сегиз жыл эмгектенген экен. Кыргыз жергесинин түндүк-түштүгүн кыдырып, Кожомкулду изилдөө түйшүгүн тарткан. Балбандын туугандарынан, аны жакындан көргөн-билгендерден сурамжылап, алардын айткандарын тасмага жазып, беш басма табак көлөмүндөгү баян-очеркти басмага даярдаптыр. Алардын ичинен, Кожомкулдун өзүнүн тууган-уруктары, илик-жааттары, жердештери Бийназаров Шаршенбек, Муктарова Айсулуу, Кабаева Сайра, Дуулатова Райла, Байтурсунов Насыр, Төлөмүшов Андаке, Ибрайымкулов Рыскулбек, Сооронбаев Алиаскар, Дөмөтбаев Эсеналы, Кожомкулов Амантай, Келдиев Чолпонкул, Кулубаев Токун, Ишеналиев Жеңишбек. Токтогул районунан Гүлбашев Жумакадыр, Бекмамбетова Турдукан, Бектурсунов Ысмайылбек, Дадиев Аманалы, Токтобаев Мырзакун, Малгараев Эсенгул. Сары-Камыш айылынан Таабалды уулу Садырбек, Ашырбаев Кадыркул, Керимбаев Бекиш. Бишкектен Керимбаев Манапбай, Жумгалдан Мырзабеков Жалил, Чылпаков Иманкары, Мураталиев Камердин, Чынкожоев Касымбек, Аксакалов Шүрүбек, Жүндүбаев Биялы, Токтогулов Аскар, Осмоналиев Ашымбек, Көчөров Ашым, Түгөлов Самаке, Аксакалов Атуучу, Бердикожоева Калича, Жумуков Алымкул, Сагынбаев Макиш, Өмүрбаев Бектурган, Абдракманов Мусан, Таабалдиева Жибек, Чүтөев Орозалы, Токтогулов Жанузак, Абдиев Рахатбек, Үмөталиева Саадабүбү сыяктуу жүздөн ашуун замандаштарынын үндөрүн да тасмага жазып алган. Кожомкул балбандын күмбөзүнүн ичине жазылган сөздөрдү, ырларды көчүрүп алып, аларды иштеп чыгып, басууга даярдаган. Алардын арасында Ишеналынын газалы, Тибиц Утандын 1954-жылы жазылган ыры өзгөчө мааниге ээ. Мына ушундай көптөгөн далилдердин ичинен Райланын, Жеңишбектин, Аманалынын, Иманкарынын, Чолпонкулдун жана Саадабүбүнүн ачкан сыр сандыктары жүрөктөн-жүрөккө жеткидей аруу сезим берип, романдын өзөгүн түзгөн.

Мына ушундай баалуу тарыхый маалыматтарды камтыган роман кыргыз алпы Кожомкул балбан туурасында тартылар көркөм тасманын негизин, анын бүтүндөй өзөгүн түзөрү шексиз. Ошону менен бирге ал аркылуу Кожомкул балбан жөнүндөгү чыныгы калыс сөз элге жетер мүмкүнчүлүк келгенин тастыктайт.

Кожомкулдун киндик энеси Бөпүнүн айтуусунда ХХ кылымдын алпы жөн эле бала катары төрөлбөгөнү, анда эл-журтка түшкөн кут сыяктуу туюлган белгилердин болгону, биз жомоктордо кезиктирүүчү айрым ыйык сырларды бекем тутпагандыктын зыянын тартканыбыз романда өтө кылдат сүрөттөлөт. Ошону менен бирге Ишеналынын Кожомкул жөнүндө жазган жашыруун газалы да угарман менен көрөрманды терең ойго салары бышык. Кожомкулдун балбандыгынан дагы адамкерчилигин артык баалаган келини Райланын (кайнатасы көз жумганда) “айланып гана кетейин атакем ай!” деп зарлаган көз жашы менен Ишеналынын көңүлдүн түпкүрүнөн чыккан газалы үндөшүп, жогоруда аталып өткөн Аманалы Дадиев менен Жеңишбектин эскерүүлөрү романга өзөк болуп, карандай чыңдыктан жаралган, өзөк-боорду эзген бараандуу сезимтал чыгарма экенин далилдейт.

“Бир сөзүмдүн калпы жок,

Бир кылымдын алпы жок.

Тирүүсүндө баркы жок,

Түбөлүк кыргыз алпы жок!..” деген Ишеналынын күмбөзгө жазган газалына романдын негизги өзөгү үндөшүп, автордун жыйнаган кол жазмаларын окуган окуучуну терең ойго салат. Ырасында эле бир сөзүнүн калпы жок мына ушул чыгарма бир кылымдын алпы Кожомкулдун кадыр-баркын дагы бийиктетип, колго кармай турган, чечилип кеп кыла турган чыгарма экендигин далилдейт.

Эл ичинде “тырмагынан чачына чейин акыл” делинген Түркмөн болуштун образы романда сырдуу да, ишенимдүү да сүрөттөлгөн. Окуган адамга Түркмөн болуш тирүү адамдай туюлуп, балбан менен болгон астейдил да, карама-каршылыктуу да мамилелери таасын сүрөттөлгөн. Адамдын колу менен өзгөрүлүп турган доордун оош-кыйышын таасын байкап, жашоонун маңызы ага баш ийбей тургандыгына акыл өкчөп, адам менен табияттын да ажырагыс биримдигин так байкаган Түркмөндүн өлөр алдындагы эпизодунан, өмүрдү кур бекер өткөрбөө керектигин аргасыз эске келтиресиң.


Түркмөн болуштун ички дүйнөсүнүн тазалыгы, анын айткан сөздөрүнүн натыйжалуулугу 1938-жылы «эл душманы» аталып, он жети киши менен Кожомкулдун ак жеринен түрмөгө камалышы, андагы бей күнөө адамдардын азапка туш болушу, кийин алардын түрмөдөн аман чыгышы, бул окуялардын чындыгы бирге барып келишкен Кожомкулдун замандаштарынын көпчүлүгү эскерүүсүндө чагылдырылган.


Алп Кожомкулдун көрсөткөн алгачкы балбандыгы өзүн-өзү балалык сыноо менен башталып, андан ынанымдуу натыйжа чыгат. Ошол жасалган иштердин баардыгы көркөм каражат эмес, анык чындыктын өзү экендиги автордун эл оозунан жыйнаган фактыларда так айтылат. Бар болгону ошол фактыларга келишимдүү боёк сүртүп, элдин эсинде калгыдай чоң полотно романда берилгенин көрөбүз. Ошону менен бирге романдан, анын башкы каарманы Кожомкул балбандын образы аркылуу тамыры терең кыргыз элинин асыл наркын дүйнөгө тааныта турган дагы бир мүмкүнчүлүктү табарыбызды тартынбай айткым келет.


Сулайман Рысбаев, педагогика илиминин доктору, профессор 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн