Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргыздын улуттук кийим-кечелери

05.03.2021 14:51
52919
Кыргыздын улуттук кийим-кечелери


КЫЗ БАЛДАРДЫН УЛУТТУК БАШ КИЙИМДЕРИ
Такыя топу - тестиер кыздардын жука топусу, анын “бүйүрмө топу”, “кайырма топу”, “макабат топу” деген түрлөрү болгон.
Топу - үкү топу, кыздардын жеӊил баш кийими.
Тебетай - беш көкүл кыздар кийишкен, көрпөдөн, кундуздан, суусардан тигилген, көп кийилүүчү баш кийим.
Шөкүлө - кыз турмушка чыкканда кийип барат, кийин төркүнүнө кайра узатат, аны сиӊдиси кийүү салты болгон.
Такыя элечек - келинчек болгондо түркүн шурулар менен кооздошуп кийишкен.
Кептакыя - элечектин жана жоолуктун ичинен кийилген жука кездемеден даярдалган баш кийим.

ЭЛЕЧЕКТИН ТҮРҮ

Такыя элечек - жаш келиндердин элечеги.
Казанбак элечек - байбичелердин элечеги, чоӊ элечек.
Каз элечек - сыйлуу, жибек элечек.
Суп элечек - ак сурп элечек.
Торко элечек - бул да жибектей баалуу кездемеден жасалган элечек (кыл торко-жибектин түрү).

ЖООЛУК САЛЫНУУНУН ТҮРҮ

Жоолукту аркага байлап салынуу - кыздардын салынуусу.
Жоолукту алдыга байлап салынуу - келиндердин салынуусу.

ЭРКЕКТЕРДИН СЫРТ КИЙИМДЕРИНИН АТАЛЫШТАРЫ

Ак күбө - ак кийиизден жасалган, кооз жасалгалуу чепкен.
Бадана - бүт денени жапкан, кооздолуп жасалган, ок өтпөс соот кийим, ошондой эле, кымбат-баалуу кездемеден кооздоло тигилген сырт кийим.
Жекейбос - баатырлар кийүүчү баалуу тон (“Манас” эпосунан).
Чепкен-жашы - карысы баары кийишкен.
Суп чепкен - барктуу чепкен, анын тепме чепкен, пиясы чепкен деген түрү болгон.
Чапан - ичтелип, шырылып тигилген жеӊил кийим.
Ичик - тери ичтелип, кездеме сыртталып тигилген кийим, анын көрпө ичик, бөрү ичик, сүлөөсүн ичик, илбирс ичик, түлкү ичик, суур ичик деген түрлөрү болгон, эркек адамдар сөөлөтүнө жана дөөлөтүнө жараша кийишкен.
Тон - сырты бордолуп өӊдөлүп боёлгон териден тигилген.
Кементай - жүндөн кылдап уютулган жука кийизден кештелеп тигилген, сөөлөттүү кийим. Аны кезегинде кыргыздар жоого да кийишкен. Кээде териден тигилген жука сырт кийим да кементай делинген.
Кемсел - кездемеден тигилеп, ичик, чепкендин ичинен кийилген жука жана кыска кийим. Аны кийген мырзалар жарашыктуу кемер кур тагынышкан.
Кандагай шым - тоо кийиктеринин, анын ичинен, багыштын калыӊ, ийленген, бышык терисинен тигишкен.
Папик - топ чачык. Тебетейге жана калпакка тагылган. Чачык 40,50,60тан кем эмес, чыйратылган жиптен жасалган.
Белдемчи - эркектердин белдемчилери көбүнчө жоого аттанган кезде кийилген, ал калыӊ кийизден же, каткан териден, анан металлдан даярдалып, ичти, бутту, санды коргоо үчүн атайын тигилген.
Илепис тон - эркектердин ок өтпөс сырт кийими («Манас» эпосунан).
Себил тон - жоого кийчү ок өтпөс тон.
Супа тон - ак төөнүн жүнүнөн жасалган баалуу тон.
Жагаалы - жакасы тик тон.

КИЙИМДЕРДИН ЖАЛПЫ БӨЛҮНҮШТӨРҮ

Ич кийим - жука ич кийимдер.
Жеӊил кийим - көйнөк (жемпер).
Сырт кийим - чыптама ( костьюм, пиджак).
Үстүнкү кийим - бешмант, кемсел, күрмө, кементай (куртка, плащь).
Жылуу кийим - тон, ичик, чапан, ж.б. 

ЭРКЕКТЕРДИН БААЛУУ ШЫМДАРЫ

Чалбар -териден тигилген шым (шалбар).
Кандагай - багыштын терисинен тигилчүү, согушта баатырлар кийүүчү бышык жана баалуу шым.

АЯЛДАРДЫН СЫРТ КИЙИМДЕРИНИН АТАЛЫШТАРЫ

Чепкен - аялдардын жашы-карысы баары кийишкен жука көрктүү сырт кийим.
Камка - алтын же күмүш жип аралаштыра согулган кездеме жана андан тигилген сырт кийим..
Суп чепкен - барктуу чепкен, анын тепме чепкен, пиясы чепкен деген түрү болгон.
Чапан - ичтелип, шырылып тигилген жеӊил кийим.
Ичик - тери ичтелип, кездеме сыртталып тигилген кийим, анын түлкү ичик, кундуз ичик, суур ичик деген түрлөрү болгон, аны сөөлөтүнө жана дөөлөтүнө жараша кийишкен.
Чыптама - кош этектүү көйнөк менен кийилүүчү, жеӊсиз, кыска, кымча бел, жука сырт кийим.
Белдемчи - белден ылдый, жер чие жасалгаланган кийим. Ал аялзатынын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тигилген; жаш келиндерге саймаланып, шуруланып кооздолгон, жээгине кундуз бастырылган, байбичелерге болсо, жылуулугу үчүн чүпөрөк же жука көрпө менен ичтелип тигилген.
Кош этек - кыз-келиндер гана кийген кийим, аземделип, кооздолуп, баалуу материалдардан тигилген.
Кемсел - кездемеден тигилип, ичик-чепкендин ичинен кийилген жука жана кыска кийим.
Бешмант -кемселдин бир түрү, тизеден бир аз узун, бели беш жеринен кыналып, денеге жакын, жеӊдүү, жука сырт кийим.

ЭРКЕКТЕРДИН БАШ КИЙИМИНДЕРИ

Калпактын түрү:
Бала калпак - төбөсү жапыс, чекеси чийбаркыт менен капталган, жөнөкөй оюу түшүрүлгөн, чачыгы кийиздин өзүнөн жасалган калпак.
Жигит калпак - төбөсү өтө бийик эмес, чекеси баркыт менен капталып, кооздолуп оюу түшүрүлгөн, кооз чачыктуу калпак.
Мырза калпак -төбөсү бийигирээк, чекеси баркыт менен капталган, маӊдай жагы мырзалык белгини билгизген оюу менен көрктөлгөн, чачыктуу калпак.
Бакай калпак - төбөсү бийик, чекеси жазы, улуттун төрөсүн билгизген өзгөчө оюу белгилери бар, кийген адам алыстан эле эл ичинен көрүнгөн көрктүү калпак.
Киш калпак - соболь аттуу жаныбардын жүнүнөн аземделип, көркөмдөлүп жасалган калпак.
Хан калпак - төбөсү бийик, чекеси жазы, кештелип жасалган калпак.
Айчыктуу тилик калпак - маӊдайы тилик, күн маӊдайына тийип тургудай жасалган түрү.
Туюк калпак - маӊдайы тегерек кыргакталган, жаан жааса чекеге түшүрбөөгө ылайыкталган калпактын бир түрү.
Тебетейдин түрү:
Тебетей - эӊ көп кийилген, жалпыга бирдей баш кийим. Ал тигилишине жараша эркектердин жаш өзгөчөлүгүн аныктайт. Мисалы:
1. Бала тебетей - кайруусу аз, сыйда көрпөдөн тигилген;
2. Тестиерлердин тебетейи - кайруусу аз, ал дагы сыйда көрпөдөн тигилген.
3. Уландардын тебетейи - кайруусу тигилерден чоӊураак, сыйдараак көрпөдөн тигилген.
4. Мырза тебетей - төбөсү бийигирээк, суусардын терисинен тигилип, кызыл, көк баркыт сыртталган өтө барктуу тебетей.
5. Казанбак тебетей - карыялардын тебетейи. Кара көрпөдөн, сүлөөсүндүн, түлкүнүн терисинен тигилген, кара баркыт сыртталган.
6. Киш тебетей - кундуздан тигилген, төбөсү чачыктуу, эл башкарган бийлер кийчү сыйлуу тебетей.
7. Жыгалуу бөрк - бриллиант чөгөрүлгөн үкүсү бар, падышалар, хандар, бектер кийип жүрүүчү тебетей, тебетейдин эӊ барктуусу жана баалуусу.
Малакай - түктүү, жылбырска көрпө ичтелип тигилген, жеӊил баш кийим. Аны карыялар түндө жатарда башын сууктан сактоо үчүн кийишкен. Малакайды мал баккандар да жеӊил баш кийим катары кийишкен. 

УЛУТТУК БАШ КИЙИМДЕРДИН АТАЛЫШТАРЫ КАЙДАН КЕЛГЕН?

Калпак - калыбы ак (апапак, турган -турушу менен аппак) деген сөздөн «калпак» деген кыскача түшүнүк келип чыккан болуу керек;
Элечек - «килек», «илеки» деген сөздөн келип чыккан деп айтылат, бирок бул термин «энеге чак» деген сөздөн жаралган болуу керек;
Топу - төбө (адамдын башынын чокусу) деген сөздөн өзгөрүп (төбө-тебе-тепе) пайда болгон болгондугу ынандырат;
Шөкүлө - чоку деген сөздөн келип чыккан болуу керек, анткени шөкүлө-тоонун бийик чокусундай түзүлүшкө ээ, демек, шөкүлө-чокулуу деген маанини билдирет десек болот.

ЭРКЕК жана АЯЛДАРДЫН БУТ КИЙИМДЕРИ

Көк жеке - эл башкарган төбөлдөр салтанаттарда кийишкен, булгаарыдан ултарып, бышыктап тигилген, такасы бийик, арт жагына алтын –күмүштөн коӊгуроо аземделип тагылган.
Өтүк - өтө кеӊири таралган бут кийим, такасы бар, кызыл булгаарыдан ултарып, кара кемселге күмүш кур курчанган мырзараларга айрыкча жарашкан.
Курам маасы - булгаарыдан тигилген, сыйлуу маасы.
Үпүкө өтүк - малдын ичинен ара төрөлүп же өлүү түшкөн улак-козунун терисин туюк тигип жасаган бут кийим.
Наал өтүк - темир такалуу өтүк.
Накер өтүк - жоокерлер кийчүү өтүк, башы учтуу, кайкалата тигилген, ок өтпөс бут кийим.
Чокой (кийиз өтүк) - ак же кара кийизден чабылган, кышында жылуулук үчүн жасалган бут кийим.
Кийиз байпак - ал дагы ак же кара кийизден жука кылып чабылып даярдалган , маасынын ичинен кийилүүчү бут кийим.
Чарык - чылгый териден тигилип, малчылар кийишкен.

(Бул материалдар этнограф Амантур Акматалиевдин эмгектери боюнча даярдалды, . Китепте: Ата-бабалар табериги, Б., 2011-ж., 325-335-б.б).

Зайфана - кооздолуп жасалган маасы («Манас» эпосунан).
Маасы - өкчөсү (такасы) жок, булгаарыдан тамандалган, кепич менен кийилген, териден тигилген, оӊ-солу билинбеген бут кийим.
Кепич - булгаарыдан тигилген бүчүсү жок бут кийим, бышык болсун үчүн жылкынын тарамышы менен бекемдеп тигилген.

Сулайман Рысбаев, "Кыргыздын улуттук баалулуктары жана нарктуу тушунуктору" аттуу китептен, Б., 2020

Пикирлер (22)

Коопсуздук коду
Амина
Дааааа
Токтобу Жолбаева
Туура
турдалиева
аябай соонун улуттук кийимдер
Мариям
Карыбаева
Айна
Аааааааа д