Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары өзгөчө кырдаалдар жаатындагы кызматташтыгын тереңдетет. Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандуму КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен БАЭнин Өзгөчө кырдаалдар кызматынын ортосунда түзүлдү.
Ведомстводон билдиришкендей, документке эки күндөн бери Абу-Даби шаарында өтүп жаткан "Глобалдык туруктуулукту курууга бир жол" аталышындагы кризисттик жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча бүткүл дүйнөлүк сегизинчи саммитинин алкагында Кыргызстандын делегациясынын башчысы, өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов кол койду.
Бул маанилүү документ өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кыргыз-эмират кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө укуктук негиз болуп кылат.
Кыргызстандын делегациясынын БАЭге иш сапары кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаркын мисалы жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун эки тараптуу, көп тараптуу деңгээлдеги биргелешкен диалогду бекемдөөгө жана өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн