Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВттын эсебинен электр энергиясын ала баштады

22.04.2021 11:48
1010
Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВттын эсебинен электр энергиясын ала баштады

Бүгүн, 22-апрелде энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берүүдө.


"Суунун тартыштыгына байланыштуу биз Казакстанга дагы, Өзбекстанга дагы барып, импорт кылабыз деп сүйлөштүк. Азыркы баа бизге кыйын. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде биз товар алмашуу тууралуу чечимге келдик. Жыйынтыгында, Казакстан бизге 900 миллион киловатт берет. Биз мунун баарын быйыл алсак, Токтогул суу сактагычына суу толтура алабыз. Электр энергиясын алуунун себеби сууну толтуруу. 900 миллион киловатты 3 жылдын ичинде Казакстанга кайра беребиз. Жалпак тил менен айтканда, товар алмашуу бекер болот. Бирок Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө келген электр энергиясынын транзитин Казакстан төлөйт. Бул 1 жарым миллион долларды түзөт", - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн