Кыргызстан күйүүчү майды Россиядан рубль менен сатып ала баштады. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө биздин нефтетрейдерлердин 70 пайызы рубль, 30 пайызы доллар түрүндө алып жатат. Мындай тартипте сатып алуу башталганына 20 күн болуп калды", — деди Тайлаков.
Ал эми депутат Дастан Бекешев доллар кымбат кезинде күйүүчү майды доллар менен, арзандаса рубль менен сатып алуу келишимине нааразычылыгын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн