Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты “КР эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Алсак, ушул Мыйзам менен 2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо сунушталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн