Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштады

01.10.2021 18:48
1220
Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштады

Кыргызстан Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын ала баштады. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.


Анын айтымында, тажик тарап өздөрү байланышка чыгып, электр энергиясы ашып жатканын айтуу менен керек болсо колдонууну сунуштаган.


"Биз товар алмашуу жолу аркылуу сүйлөшпөйбүз, сатып алабыз, учурда келишимдер даярдалып жатат. Бүгүндөн баштап түштүк региондоруна электр энергиясы бериле баштады", — деди министр.

Ошондой эле ал Россиядан дагы электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн