Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан Түркияга кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди 180 күнгө чейин узартууну сунуштады

21.07.2023 13:22
286
Кыргызстан Түркияга кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди 180 күнгө чейин узартууну сунуштады


Кыргызстан Түркияга кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин узартууну сунуштады. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Али Ерликаянын жолугушуусунда талкууланды.

КР ИИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 20-июлда Анкара шаарында өткөн. Жолугушууга ошондой элн Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Кыргыз тарап Түркияга эмгектенүү үчүн келген Кыргызстандын жарандарынын, ошондой эле Түркияда узак мөөнөттүү болушунун коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Түркиянын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кыргыз тарап ар кандай себептерден улам өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган Кыргызстандын жарандарына тоскоолдуксуз (айыпсыз жана депортациясыз) өлкөдөн чыгып кетиши жана кийин мыйзамдаштырылышы үчүн миграциялык мунапыс берүүнү сунуштады.

Ошондой эле Улан Ниязбеков түрк тарапка Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин жогорулатуу, ошондой эле ички паспорттор (ID-карталар) аркылуу өз ара сапарларды жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Түркиянын ички иштер министри Али Ерликаянын көңүлү Кыргызстандын жарандарынын жүрүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу, уруксат баасы (жашап туруу кагазы), ошондой эле Түркиянын медициналык мекемелеринде дарылануу үчүн келгендерге жашап туруу кагазын (ВНЖ) берүү боюнча актуалдуу көйгөйлөрүнө бурулду.

Өз кезегинде ички иштер министри Али Ерликая Түркия бийлиги тарабынан өлкөдөгү миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошону менен бирге кыргыз тараптын сунуш-талаптарын деталдуу иликтеп чыгууга даяр экени айтылды

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишин улантууну макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн