Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:17
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан менен Австриянын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды

14.06.2021 18:03
1184
Кыргызстан менен Австриянын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды


11-июнунда Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин башкы катчысы Питер Лаунски-Тиффенталь менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Б.Жусупов маектешине Кыргызстандагы учурдагы кырдаал - жаңы Конституциянын кабыл алынышы, президенттин жана өкмөттүн ыйгарым укуктары менен милдеттеринин өзгөрүшү, министрлер кабинетинин жаңы курамы жөнүндө маалымат берди.

Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолунда бекем тураары жана мурунку милдеттенмелерин кармана тургандыгы белгиленди.

Элчи белгилегендей, тышкы саясат жана экономикалык артыкчылыктар өзгөрүүсүз бойдон калууда жана Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр.

Тараптар Кыргызстан менен Австриянын гидроэнергетика, саламаттык сактоо жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуусунун чоң потенциалын, атап айтканда, австриялык тарап берүүгө даяр болгон “жеңилдетилген” насыяларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

Австриялык тарап 2021-жылдын күз айына пландаштырылган ЕС-БA 1-Эл аралык экономикалык форумуна чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу иш-чаралардын мүмкүнчүлүктөрүн жана мөөнөттөрүн талкуулашты - жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар, Экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Австрия биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйыны, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн