Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйыны тар курамда өттү

11.10.2022 17:25
244
Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйыны тар курамда өттү

 


Кыргызстандын Президенттери Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйынын тар курамда өткөрүштү.


Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.


Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык “стратегиялык өнөктөштүк” деңгээлине жеткенин канааттануу менен белгиледи.


Ал эки өлкөнүн парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана тармактык ведомстволорунун активдүү өз ара аракеттенүүсүнө алып келген динамикалуу түрдө чыңдалып жана кеңейип жаткан байланыштарды канааттануу менен белгиледи.


Президент Садыр Жапаров бул сапар жана Мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүү эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берерине ишенимин билдирди.


Бул эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун активдүү өнүгүүсүнүн айкын көрсөткүчү болот.


Ал анын апрелде Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагындагы бир катар макулдашуулар Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия аркылуу иш жүзүнө ашырылып, Ишкерлер кеңеши түзүлгөнүн, Гейдар Алиев атындагы мектеп жана “Кыргызстан менен Азербайжандын достугу” сейил багы биргеликте ачыла турганын баса

белгиледи. 


Президент Садыр Жапаров Кыргызстан боордош Азербайжан менен системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтуларын жана стратегиялык тармактарда олуттуу кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.


Өз кезегинде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровго кыргыз жергесинде жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга сапарын өтө жылуу сезим менен эстээрин белгиледи.


Анын айтымында, мамилелердин мындай динамикасы эки өлкөнүн өз ара кызматташуу потенциалын өнүктүрүүгө чечкиндүү экенинен кабар берет.


Азербайжанга болгон сапардын алкагында эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөн Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлган.


Ильхам Алиев бул сапардан кийин да көптөгөн тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө салым кошо турган келишимдер түзүлөт деп ишенет.


Анын айтымында, азербайжан тарап эки тараптуу сооданы көбөйтүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирет, анын көрсөткүчтөрү учурда эки тарапты тең канааттандыра албайт.


Азербайжандын Президенти белгиленген пландар кыска мөөнөттүн ичинде өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Ошондой эле, Азербайжан Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.


Мындан ары Мамлекеттик кеңештин отуруму кеңейтилген курамда улантылып, андан соң тараптар бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн