Бугу 08, 2024
Убакыт: 14:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Монголия инвестиция жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

24.10.2023 16:42
188
Кыргызстан менен Монголия инвестиция жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду


КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Монголиянын соода жана инвестициялар боюнча агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушуусунун жүрүшүндө кол коюлду.

Белгилей кетсек, бул монгол тарап менен инвестиция чөйрөсүндө байланыш түзүүдөгү биринчи кадам болуп саналат.

Кол коюлган меморандумдун негизги максаты чакан жана орто бизнестин ишкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууга басым жасоо менен Кыргызстан менен Монголиянын бизнесинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн