Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан менен Пакистанды туташтыруучу CASA-1000 долбоорунун алкагында зымдарды тартуу иштери жүрүүдө

01.11.2022 13:17
307
Кыргызстан менен Пакистанды туташтыруучу CASA-1000 долбоорунун алкагында зымдарды тартуу иштери жүрүүдө

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында зымдарды тартуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, иштер 12-сентябрдан тарта Баткен облусунда жүрүүдө. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВнын узундугу 456 чакырымды түзөт.


Бүгүнкү күндө төмөндөгү курулуш иштери жүргүзүлдү: 1211 (97,4%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1211 (97,4%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1180 (94,9%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 969 (78%) тирөөч орнотулду, зымдарды тартуу - 36,1 км (7,9%). Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1243.


Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат.


Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.


Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн