Бугу 20, 2025
Убакыт: 21:34
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.082
1.120

Кыргызстан менен Улуу Британия инвестиция, миграция жана кен байлыктар жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Улуу Британия инвестиция, миграция жана кен байлыктар жаатында кызматташат


Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия дирекциясынын жетекчисинин орун басары Марк Клейтон менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алышты. Соода-экономикалык, инвестициялык, миграция жана тоо-кен тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.


Министрдин орун басары Темирбек Эркинов министрлер кабинети менен Улуу Британиянын United Concrete Canvas компаниясынын ортосунда Кыргызстанда завод куруу боюнча инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, Улуу Британиянын UKEF экспорттук-кредиттик агенттиги менен кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстандын пайдалуу кендер секторун өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн