Өзбекстан менен Кыргызстандын чек араны демаркациялоону макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Жолугушуу 4-8-июль күндөрү коңшу мамлекеттин Анжиян шаарында өттү.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдаган.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөн. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлган.
Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн