Бүгүн, 16-августта Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кеңейтилген курамдагы жыйыны өтүүдө.
Отурумду Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов алып барууда.
Буга чейин тараптар тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөр эки сааттан ашык убакытка созулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн