Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан убактылуу дары-дармектерди экспорттоого тыюу салды

12.04.2021 16:59
625
Кыргызстан убактылуу дары-дармектерди экспорттоого тыюу салды


Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Аталган тыюу салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк чаралар планынын алкагында киргизилген.

Аталган токтомдун максаты - Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.

Экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси тиркелген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн