Чын курандын 16, 2025
Убакыт: 17:48:08
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Кыргызстан Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону токтотуп, Түркмөнстандан көп өлчөмдө сатып алууда

22.10.2021 17:22
825
Кыргызстан Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону токтотуп, Түркмөнстандан көп өлчөмдө сатып алууда

Кыргызстан Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону токтотуп, Түркмөнстандан сатып ала баштады. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.


Маалым болгондой,  Казакстан Республикасы менен электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишимдин алкагында учурда Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо жүрүп жатат.



2021-жылга пландалган Өзбекстан Республикасынан Кыргызстанга электр энергиясын берүү аяктады. Ошол эле учурда, келишимдин тараптары учурда 2022 -жылга пландаштырылган жеткирүүлөрдүн эсебинен электр энергиясынын көлөмүн узартуу маселелерин карашууда.


Өзбекстан Республикасынан электр энергиясынын берилиши аяктагандыгына байланыштуу, Түркмөнстандан Кыргызстанга импорттолуучу электр энергиясынын көлөмү көбөйтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн