Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан жана Өзбекстан ТИМ башчылары дипмамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо каттары менен алмашты

16.02.2023 16:37
264
Кыргызстан жана Өзбекстан ТИМ башчылары дипмамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо каттары менен алмашты


 Бүгүн, 16-февралда Кыргызстан менен Өзбекстан маанилүү датаны - өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.


Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мааракелик датага байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Бахтиёр Саидов өз ара куттуктоо каттары менен алмашып, телефон аркылуу сүйлөштү.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар бири-бирин куттуктап, кыргыз-өзбек кызматташтыгынын чоң потенциалын белгилеп, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга биргелешип активдүү көмөктөшүүгө макулдашты.


"Элдерибиздин ортосунда калыптанып калган бир туугандык жана ынак коңшулук мамилелери кызматташтыктын болуп көрбөгөн жаңы деңгээлине – Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын 26-27-январында Кыргызстанга болгон тарыхый маанилүү мамлекеттик сапарынын алкагында баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүккө жетишүү үчүн бекем негиз болуп калды”, - деп баса белгиледи министр Жээнбек Кулубаев өз кайрылуусунда.


Бүгүнкү күндө бардык деңгээлде активдүү жана үзгүлтүксүз байланыштар улантылып, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташтык жүргүзүлүп жатканы белгиленди.


Үстүбүздөгү юбилейлик жыл эки мамлекеттин тарыхына кирип, боордош өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимге негизделген мындан аркы өз ара аракеттенүү үчүн бекем пайдубал түзө турганына ишеним билдирилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн