Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:36
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

01.05.2021 11:10
1044
Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды


Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди.


Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен төмөндөгүдөй токтом кылынат:


— 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;

— улуттук аза күтүү күндөрүндө өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында мамлекеттик туу түшүрүлсүн;

— улуттук аза күтүү күндөрүндө маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;

— өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн