Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда 1 чакырым жолду курууга 2 млн каражат сарпталат

29.06.2021 09:37
1058
Кыргызстанда 1 чакырым жолду курууга 2 млн каражат сарпталат


Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир км жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат. Бул тууралуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 28-июндагы жыйынында айтты.


2018-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча реконструкциядан өткөн жолдордун кепилдик мөөнөтү үч жыл, жаңы курулган жолдордуку беш жыл”, - деди Нурланбек Кайынбаев.


Бир катар депутаттар Кыргызстанда автожолдорду оңдоо жана салуу кымбат экенин айтып, өлкөдө буга чейин жол тармагына алынган насыя, гранттар кандай колдонулганын текшерүү керек деген демилгени көтөрүштү.


Мамлекеттин карызы 5 миллиард доллар болду. Каражаттын көбү жол менен энергетикага кетти. Бирок жол да, энергетика да оңолбой эле турат”, - деди депутат Абдывахап Нурбаев.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн