Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда 25 миң медайым бар

23.08.2021 13:51
640
Кыргызстанда 25 миң медайым бар

 Кыргызстанда 25 миңге жакын медайым бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлназ Ажымамбетова брифинг учурунда билдирди.


“Медайымдар фельдшердик акушердик пункттардан тартып, адистештирилген ооруканаларга чейин саламаттык сактоо системасынын баардык деңгээлинде калкка кеңири кызмат көрсөтөт. Калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча чоң компания жүрүп жатканда медайымдар бейтаптарга вакцинация жөнүндө маалымат берип, эмдөө жүргүзүшүп, эмдөөдөн кийинки мониторингдерге катышууда”, - дейт ал.


Ажымамбетова белгилегендей, медайымдар бейтаптарды реабилитациялоодо, ден соолук жана гигиена маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууда.


“Ошондой эле медициналык жана психикалык жардам көрсөтүүдө чечүүчү ролду ойношот”, - деп айтат ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн